Кудайым шыбаа айтып койгонбу, кыргызда эр жигиттин бактысын алган жары ачат дейт. Анын биринчи жары Бермет бийге жарашыктуу аял боло турган. Ал бийдин ички сырын көзүнөн эле айттырбай билип турчу дешет. Ошону менен ал Тагай бийдин элге болгон ишин арылатып, журтка жакындатып, өзүмчүл эмес өз көмөчүнө күл тартпаган калыс эле деп карыялар сүйлөгөн уламаларда көп кеп болот.

Душмандар уу коргошун берип жок кылабы,-деп ага жаш кезинен уу коргошун таткантып жүрдү.


Уу коргошун ичип алганда.

Тагай бий такыр өлбөгөн.

Азабын көрдү жашоонун,

Ал пенде нени көрбөгөн.


Ат үстүндө баратып, жаа атып, найза сайып, кылыч чапканды эң жакшы көргөн. Адигене аны бий көтөрүп салды. Ал башынан эле адилет, калыс жана жолдоштору жемелеп турса да, оор басырыктуу көтөрүмдүү болчу. Жана бир нерсени будамайлап кетпей, чуу куйрук жайы жок ушул сапатынан эле башкаруучу хан же улук бий боло турган жөндөмү болгон. Ал кең пейил жетим жесирлерге кайрылган өтө кайрымдуу пенде эле. Адамда чынчылдык, боорукердик, токтоолугу жагы тоодой алтынга бергис улуу сапат болот эмеспи.

Биз уламабызда билгич карыялар айткан ошол бир баянга токтоло кетели.

***

Айлана аптап болуп ысыган жай чилдеси эле. Мал-жан күндүн тийген ысыгынан качып көлөкөгө умтулуп турган маал. Астыда шорлуу жерден туз топурактын үстүнө чыгып турат. Жолдо өскөн жапайы ак мамык дан, киргишен көп жылдык чөп. Булар ушундай шорлуу топурактуу жерди мекендейт. Жана эки жакты акмалап караган адамга кызылча, шакар чөп, баялыш, сөксөөл кездешет. Бадалдын түбүнөн кескелдирик чуркап, тигинде ысык кумда жылан оролуп жатат. Анда-мында канат кагып, кыска кайрыктарын созуп, чөл торгойу учуп өтөт. Мындай ысыкта жол жүрүү бир топ көңүлсүз, анткени күн ысыгы адамдардын талыкшытып, шайын кетирет. Көктө каалгый айры куйрук жерден бир нерсе издеп сызат. Адырдан ары тарп издеген жорулар учуп баратат. Көктө бирин-экин ак булуттар каалгый сызат. Ондой атчан жол менен кетип баратат. Күн дагы чыгыштан чыгып батышка сапарын улап кетип баратат. Алдыда акбоз жоргочон келишимдүү ак калпак кийген бутунда анжиян өтүк, колунда чеберлер жасаган жылан боор камчы. Күнгө күйгөн өңү кара тору, муруту өзүнө жарашыктуу койдуруп, көз карашы өтө сүрдүү, же аны адам карай албайт. Анын оң жагында жээрде атчан бийдин кеңешчиси жашы небак элүүдөн өткөн адам Бөлөй карыя. Сол жагындагы сары атчан сакал мурутуна али ак кире элек көзү өткүр, кыр мурун кара тору адам бул дагы бийдин кеңешчиси. Бий бир нерсени чечеерде ушулардын акыл-насаатына таянат. Антпесе болбойт, «Жалгыз адамдын акылы жарты акыл, көп адамдын акылы аккан дайра»– дейт эмеспи ата-бабалар, булар башынан бийге, андан мурун элге небак алынган калыс адамдар. Ошол үчүн бийдин кулаткан ташы ылдый эмес өйдө карай кулап жатат. Артында жети-сегиз атчан булар бир иш менен башка жакка сапар аттанып, жолочу болуп жол арытып келатат. Бийдин тобу сапар кетип баратат. Сапары ыраак. Бул жол жүрүп отуруп, тээ береги адырга барып, андан ары өр таяна жайлоого Арча Төргө өйдөлөй чыгып отуруп бийиктикке чыгат. Бий кайдан чыгып, кайда кетип баратат. Ким билет? Кээде адамдардын өмүрү да төрөлгөн жерден чыгып, мунарык оронуп алдыга кайып сызып кетет эмеспи. Алар кайып сызып отуруп кайда баратат? Биздин өмүрүбүз ашыга алдыга кайып сызган жок беле? Айтчы тууганым? Бийдин тобу кетип баратат. Жол кетип баратат. Күн ысык алдыдан токтоно албай термелип мунарыктын артынан закымдап мунарык сызат. Тоолордун башында кылайган булут жок. Булут болсо, шамал айдап ылдый сүрүлүп, бобереги каны катып турган талаага жаан төгүп кетсе, денесине суу кирип тирдене жашарып, өсүмдүктөр өсүп калаар беле?

Бийдин тобу кетип баратат. Асманда ыйык күн да чыгыштан батышка карай кетип баратат. Астыга жарыша кеткен чаңы учуп куп кургак уланган жолдор. Жарыша кеткен жолдо сапар кетип бараткан байыркы биздин бабаларыбыз. Бул жолдор менен кимдер өтүп, ким гана баспаган. Атчаны да өттү, жөөсү да өтүп, жамактата ыр төгүп ырчылары да өттү. Сын айтып сынчылары да өттү. Төрт буттуудан түйшүк тартып, түлкү өтүп, караңгыда кайыгып карышкыр өттү. Боз чаңгыл баскан ай-ааламдын, асмандын улук бийи күн эне болсо, бул бараткан адамдарга жол көрсөтүп, ээрчитип бараткан адам бий Тагай эле.

Бий минген акбоз беркилерден озуп астыга чыккысы келип, өкүмдүгүн көрсөтөт. Бий тизгинди тарта, жанындагылар менен тең келатат. буудандын тизгинин коё бербей ал бирдей укукту сактагысы келет. Жол жүргөн атчандар бат эле ээрчише дөмпөйгөн боз дөбөлөргө жете келип, алардын аралап баратып, эбак эскирип эскилиги жете жыртылып, куну кеткен, бир боз үйгө туш келишти. Арыда аркандалган жалгыз музоо. Жыйырмага жакын кой-эчки. Байланган кулун тигинде бир бээ оттоп, анын жанында музоосун жаш тууган бир уй турат. Бээ менен уйду саайт шекилдүү. Тагай береги боз үйдү ойго батып карап калды да ат тизгинин аргасыздан ошол жакка бурду. « Боз үй талаада эмне үчүн жалгыз калган? Жалгыз калышына эмне себеп? Бий бул боз үйдүн жалгыз калышында бир арман бар экенин сезди. Бий эски боз үйдү калтырып кете бербейт эле. Анын канында кайнаган журттун каны согуп турбайбы. Эгер ушул жалгыз калган боз үйдү таштап кетсе анын бий болгон даңазасы кайда? Артында келаткандардын жини келип, кеткенин өңүнөн билинип турду. Бий атынын башын каякка бурат? Ысыкта кейпи кеткен боз үйгө барып дагы көпкө отурат. «Биз ушинтип талаадагы жалгыз боз үйлөрдүн ар бирин кыдырып чыгабызбы»– деп ичинен күлгөндөр болушту. Ат туягынын дүбүртүн уктубу боз үйдөн кийми жыртык удаалаш чоңойгон эки бала көрүнүп, бирөө үйгө кирип, бир аялды ээрчитип чыкты. Күңгө күйгөн кара тору ургаачы башынадагы кара жоолугу небак эскирген, боз көйнөкчөн өңүндө «Дагы кимиси келатат»– деген убайым бар эле. Бир жигит чаап келип, бийди ээрден түшүрүп аттын чылбырын казыкка байлады. Келин келген жолоочуларга салам берди.

Бий жагымдуу:

– Карындашым бу дүнөдө барсыңбы, амансыңбы?

– Аманчылык, агам бар болуңуз, келиңиз,– келин дагы жаадырай бийдин суроосуна ылайыктуу жооп берди.

Бий алачыктын жанындагы талпакка көсүк басып, калгандары анын жанына кыркалакей отурушту.

Ак үйдөн дасторкон алып чыгып, жерге жайып, каймак, талкан койду. Анан көнөккө кымыз алып чыгып куя баштады. Отургандар дасторконго бата кылышты. Бий жыгач аякты алып, кудайга тобо келтирип, суусундукту кылкылдатып жута баштады. Баардыгы кымыз ичип жатышты. Ысык күндө жолочулар кымыз ичип жыргап, тамырына кан жүгүрө баштады.

– Кимдин жары болосуң карындашым?

– Оңолбайдын күйөөм жаздын башында сукка учурап каза болгон. Ачажору байдын койчусу эле. Эрим өлгөндөн кийин бай бизди журтка таштап көчүп кетти,– деп ургаачы жашын төгүп шолоктоп ыйлап жиберди. Жана көз жашын жоолугунун учу менен аарчып өзү сооронду.

Ойго батып баары жымжырт. Алар эки бала менен ай-талаада жалгыз калган аялды аяшты. Куу белде жалгыз калган үйгө үйгүшкөн карышкырлар келип кол салса эмне болот. Тагай бий жини келип:

– Ит Ачажору таякелери көк бет калмак эмеспи, кыргызды тартпай калмактарды тартып калганын карасаң, мен ага жети атасын таанытам.

Беркилер сөзгө аралашты:

– Ачажору калмак аны жасайт, жаасы катуу.

– Ал кийинки учурда бечараларды карабай калды.

– Бий ага элдин сөзү калмактарга өтпөй жатат.

– Өтөт байлыгын элге таратып керек болсо өзүн жылаңачтап таякелерине карай кууп жиберем. Карындашым капа болбой бир азга ушул жерде тура тур. Ачажорудан энчиңи бөлдүрүп берем. Андан кийин тээ береги Ала Көлдүн жанындагы Ар түркүн уурудан куралган курамаларга көчүрүп барам. Мен сага көз салып жардам бергенге жигиттерими жиберем. Алар сенин дайныңды мага жеткирип турат. Мен турганда эч нерседен капа болбойсуң, сен эми мени менен болосуң, жалгыз таштабайм.

– Ачажору бизге зыян кылбайбы?

– Жок эчтеке кылбайт. Зыяны тийсе тентитип жоготом.

Келин эмне деп алкаарын билбей калды.

Кетип баратканда:

– Бий ага ырахмат жетим балдарга берген жакшылыгыңызды эки дүнөдө унутпайм.

– Капа болбо карындашым, бардыгы оордунда болот,-деп аттарын таскактатып желдирип баратышты.

Жанагы созулган жол, топ атчандарды өр таянтып, жайлоодогу Бекназар байдын үйүнө карай алпаратат. Бабалар баскан ыйык жол.

Ошондон көп өтпөй эле: «Тагай бий күйөөсү өлгөн келинге элүү кой, беш жылкы, төрт уй, бөлдүрүп, берип, аны камсыз жерге көчүрүп барып, чоң жакшылык кылыптыр» деген кеп тарап кетти. Бийдин калыстыгы элге тарай баштады. Ага арызданып келип, каалаган максатына жеткендер өтө көп болгон. Эч бир адамдын тагдырынан кыйгач өткөн эмес. Тагай бийдин бир канча жардамчылары болгон. Ал ошолор аркылуу адамдардын тагдырынын оңолушуна дайыма көз салып турган. Мугамыр киши баласы жер үстүндө жакшылыкты көп жаратса, бактылуу адамдар көп болоорун ушул санжыранын өзү эле айгинелеп жатпайбы. Бийдин кан-жанына ошондой жакшы элес сиңип калган. Ал баардык эл бай-жарды дебей бактылуу турмушта жашасын дегени эле.

***

ЧОҢ ашка алыс-жакындагы паразаттуу адамдар келишти. Ал жерде ат чабыш, жорго жарыш, улак тартмай, төө чечмей иши кылып, кыргыз оюндарынын көп түрүнө байге берилди. Эл казганактап, күлүктөр эртең менен эле коё берилип, «эми кимдин күлүгү келеер экен» деп күтүп жатышты. Күлүк чапкан ар бир кишинин жылдызы асманга көкөлөп учат. Ал арада көп оюндар болуп өтүп, күлүктөрдүн келеер маалы чукулдады.

Адамдар:

– Астыда Желдеңдин Актуягы келатат.

– Ал Желдеңдики эмес Бөрүбайдыкы.

– Бөрүбай аны Желдеңден тартып алган.

– Бөрүбай оңбосун ал Желдеңди сыздатты.

– Анын үстүнө кудалары алдуу-күчтүү эмеспи.

Желдей сызган жаныбарлар учуп-күйүп марага жакындап келишти. Ак жоолук байланган чабандестер да ат үстүндө күлүктөргө олбуй-солбуй камчы уруп келатышты. Алар шамал менен жарышып, аттын кулагы менен тең ойноп келатышты. Кыргыз баласы нечен кылымдардан бери жылкы жаныбар менен сыймыктанат. Алдыңкы чабандес атына камчыны удама-удаа уруп, жылкы жаныбар марага өтө жакындап келди. Аны буюрса, чоң байге күтүп жатат. Тагай бий чоң акбоз аттын үстүндө күлүктөрдү суктануу менен карап турду. Өзүнүн Керкашка күлүгү үчүнчү болуп келатат. Ал аттын сырын өтө жакшы билчү эле. «Эмнеге мындай болуп калды» деп ойго батып турду. Ат туягы жараткан чаң улам берилеп келатат. Чаң менен кошо күлүктөр да берилеп келатышты. Адамдардын көзү күлүктөргө тигилет. Бий алдыда сызып келаткан Актуяк жаныбарды кызыга карады. Желдей сызган жаныбарды адамдар келиштирип жакшы таптаган экен. Күлүктөр марага тарсылдата туяк эше учуп-күйүп кирип келишти. Чакырымдар артта калып, жер үстү дүңгүрөп токтобой көчүп турду. Биринчи болуп Актуяк, экинчи Алкожонун Карагери, үчүнчү бийдин Керкашкасы чыгып келди. Өзүнүн Керкашкасынын таптоосу кичине начар болуп калганын бий сезип турду. Бөрүбай келип Актуяктын чылбырын кармаганда Тагай бий таң калды. Бул Актуяк Желдеңдин аты эмес беле. Эмне үчүн Бөрүбай ээ болгон же сатып жибергенби? –деп ойлоду. Ошол Актуяктан бериде ак калпакчан, кара чепкенчен Желдең Актуякты армандуу карап турат. Тагай бий чабандестин көрүнүшүнө боору ооруду. Бий жигити аркылуу Желдеңди чакыртты. Эриндери шамалга туурулуп, жүдөгөн чөөдөй сары, ындыны өчкөн чабандес Тагай бийге басып келип:

– Ассаломалекум бий, жакшы турасыңбы, чакыртыпсыз келдим,-деди башын жерге салып.

– Ва алейкума ассалом саяпкерим кандай кут болсун күлүгүң Актуягың биринчи келбедиби эмнеге сабырың суз сүйүнбөйсүңбү, жүдөгөн түрүң бар.

– Ал меники эмес.

– Кандайча Актуяк сеники эмес беле.

– Аны менден Бөрүбай тартып алган.

– Эмне Бөрүбайга карыз белең?

– Жок күлүк менин бээмин тукуму болчу,-деп тартып алды. Күлүктүн энесин бир кезде мен ага иштеген акыма алгам.

– Ошол элеби.

– Ал эмес кыраан бүркүтүмү да тартып алды.

– Эмне үчүн?

– Менин аталарым жайлаган аскалардан кармапсың,-дейт. Ошол да болмок беле ал аскалар элдики, биздин ата-бабалардыкы эмеспи.

– Ошол элеби.

– Ошол күчкө салып тартып алды- деп саяпкер аянычтуу башын жерге салып, жерди карап жалдырап, ындыны өчүп турду.

Тагай бий жигитине жини келе кайрылды:

– Чакыр тетиги билерманды береги таз, соку баш Бөрүбайды.

Көп өтпөй дөңдө турган топ атчандар бийдин жанына бастырып келишти. Арасында келишимдүү кундуз тебетей кийген Бөрүбай да бар.

– Бөрүбай күлүгүң чыгып келиптир,-деди Тагай бий ачылуу.

– Ырахмат эл атасы Тагай бий мен аны чегине жеткире таптагам.

Тагай бий каарданды. Анын каарданганын көрүп, Бөрүбай боз ала боло түшүп салбырап калды.

– Ал күлүк кимдики?

– Меники.

– Желдеңдики эмес беле.

– Желдең мага берген анын үстүнө күлүктү менин бээм тууган болчу.

– Сага калмактардын чабуулунан түшкөн көп жылкыны ким берди эле?

– Сиз бергенсиз Тагай бий.

– Мен берсем сен эмне үчүн аны элге тең бөлүп берген эмессиң?

Желдеңдин бүркүтүн эмнеге тартып алдың?

– Менин аскама тууган бүркүттүн балапаны болчу.

– Сен кудайдын аскасын менчиктеп алдың беле, ушул сөздү кантип айтып турасың.

– Жок Тагай бий ал атамын жайлоосу болчу.

– Мына сага күлүк, мына сага бүркүт,-деп тагай бий Бөрүбайды чоку талаштыра эки-үч жолу тартып-тартып жиберди. Бөрүбайдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге түшүп тапталгансып калды.

Билермандар эки ортого түшүп арачалап киришти.

– Ардактуу бий бизге бир ачууңузду бериңиз.

– Бий кечирип коюңуз.

– Иттик Бөрүбайдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.

– Байкуш Желдеңдин күлүгүн тартып алган тура.

Тагай бий:

– Андай эле кыйын экенсиң калмактар басып алган Үч Кайнар булакты алсаң болмок.

Бөрүбай эмне кылаарын билбей эс-мас боло көзү ала-чакмак тартып, күйбөгөн жери күл болуп, өлбөгөн төрт шыйрагы калды.

Тагай бий каарданып:

– Карапайым элге карабасаң бүт малыңды элге талатып тентитем,-деп ары бастырып кетти.

Эл Бөрүбайдын ач көздүгүн жек көрүп жатты.

Көп өткөн жок алкынган Актуяк күлүктү, бүркүттү алып Бөрүбайдын туугандары Тагай бийге ийлип кечирим сурап келишти. Бий Желдеңди чакыртып:

– Ме күлүгүң менен бүркүтүңдү алгын, эгер дагы Бөрүбай тийшсе мен анын жазасын мындан дагы катуулатам.

Ал байгенин баардыгын Желдеңге бердирди. Ошентип бул иш калыстык менен чечилди. Анын калыстык баяны эл оозунда тарап, жерден-жерди, элден-элди аралап жүрүп отурду. Тагай бий өтө калыс эле ошонусу менен эл-журтка алына баштаган. Ал жаш кезинен эле элдик адам болуп, эзилген адамдарга болушуп, байларга өтө ырайымсыз болгон, ошол жакшы сапаты элдин канына эчак эле сиңип кеткен эле. Бул көрүнүштөн төмөндөгүнү баамдоого болот. Калыстык болгон жерде баары оңолуп иш жакшы жагына көчөт. Эгер элде калыстык болбой журт бир-бирине күч колдонсо, ошол кыргыздар баш ийип турган кандуу Моголстандын оор заманында журт тентип кеткен жатпайбы. Тагай бий муну терең түшүнүп, элди бирдей тең укуктуу тартипте кармаган.

Тагай бий жаштайынан Бермет деген кара торунун сулуусуна үйлөндү. Бермет боюу узун, шыңга болйуу өтө акылдуу бийдин кеңешчиси болгон. Бийге көптөгөн туура акылды берген асыл жар эле. Анын Богорстон, Койлон, Сарбагыш деген балдары болгон. Айрыкча кичүү уулу Сарбагышты кыйналып жатып төрөдү. Ана төрөп жатып эне көрбөгөн азаптарды көрдү, Аз жерден төрөттүн оордугунан өлүп кала таштады. Ал баарынан ушул кичүү баласын жакшы көрүп аяган. Баланын мойну бир жагына тартылып кыйшык өсүп калды. Эне баланын мойнунун кыйшык өскөнүн көрүп аяп аябай жаны кейиген. Ал Тагай бийге ыйлап- сыктап:

– Самаркандык мыкты дарыгерлерге көрсөтүп баланын мойнун оңдотолу. Балким ошолордун колунан жакшы иш келеер.

– Ал кудайдан теңирим аны ошондой жаратты.

– Бирок ошондой болсо да баланын мойнун көрүп аны аяй берем.

– Ага капа болбо бу баланын аты Манастын жакын көргөн адамы Элтабар баатырдын уулу Сарбагыш деген түпкү бабабыздын атынан койгом.

– Ошондой болсун, ошол баатырдын арбагы баланын келечегине жар болоор.

– Болот көрөөрсүң менин ишимди ушул бала улантат. Бул уулуман көптү күтөм.

Ошол иш ошол болду.

***

Айлана небак бозомук өңгө бөлөнүп, асман сургулт тартат. Мезгил жетинин айынын башталышы эле. Бир жумуштар менен Тагай бий беш жолдошун ээрчитип, белде кетип бараткан. Атчандар коктудан түшө бергенде өгүз минип келаткан бир адамга жолукту. Тагай бий аттан түшө калып, өгүзчөн улгайган адамга салам узатты. Тайгай бийди туурап беркилер да аттан түшүп, саламдашты. Алар ар дайыма бийди урматтап жүрөөр эле.

– Уулум жол болсун кайда жол улантып бараттың эле?

– Богорстон баламдыкыкнаа бараткам.

– Ал уулуң жакшы турабы, аялы ооруп жатат,-деп эшиттим эле.

– Жакшы болуп калды белдеги конушунан ылдый түшкөн, саламдашып ал абалын сурап келейин,– дегем.

– Аның жакшы уулуң менен кабарлашып турганың ийги иш.

– Өзүңүз кайда баратасыз?

– Кайда бармак элем үйгө эле.

– Атыңыз эмне болду өгүз минип?

– Каран калгыр өткөн кыштагы жуттан жылкы баласы кырылбадыбы.

Тагай бийдин өңүнө капалык келип, атынын тизгинин тиги карыяга карматты.

– Бобул атты минип кетиңиз.

– Койчу балам биздей карыяга өгүз эле жарашат. Бир бутум көрдө салаңдап турбайбы, муну балам өзүң эле мин. Бул жүз койго же бир айгыр үйрүнө алмашкыс камбар атанын асыл тукумунан тура.

– Жок ата астыңызга ат тартып жатам, колду уялтпай минип кетиңиз баркыңыздан ушул ат улук беле, мен алдагы өгүзүңүздү минип кетем.

Бийдин жанындагы адамдар жаалап жиберишти:

– Миңиңиз бий тартуулап жатат. Бий атсыз калмак беле.

– Капа болбоңуз, өгүздөн түшүңүз.

Жигиттер карыяны өгүздөн түшүрүрп, бийдин келишкен жорго атына мингизип, өгүздүн мурунтугун мүйүзүнө түрүп, коё беришти.

Карыя ыраазы болуп күлүп:

– Ырахмат Тагай балам, тим эле койсоң болмок, чоң жорго ат мингенде мен да бий болуп калбадымбы –деп токтоно албай карс-карс ыраазы боло күлдү.

– Тагай балам, Жар Кыянын этегиндеги Жылуу Булакта кыштоодобуз Ошол жер биздин турагыбыз. Убактыңыз болсо барып, үйдөн бир чөөгүн чай иче кет. Сени да ыраазы кылаармын балдар бар эмеспи.

– Жок ата, ошол да болмок беле биз эмне акылашып жатабызбы, чай ичип эле жүрөбүз, кол бош болуп калса, сөзсүз жолугам.

Тагай бий карыя менен коштошту. Бул карыя Тагай бий он беш жашында, тай үрөтүп жүрүп, азоодон жыгылып, буту сынганда аны таңып кадимки өзүндөй кылып айыктырган. Колу эмсек куранды арабча бүт окуган касиеттүү молдо пакиза таза адам эле. Ал кезинде түштүктөгү молдолордон динди терең окуган адам болчу. Тагай бий сол, оң канатка жана ички кыргыздарга мусулман динин таратып, аны менен элдин жан дүйнөсүн оңдоого киришкен адам болчу.

***

Эки күндүн биринде күн күркүрөп, айлана текши жаңы түргө өтүп, жаңы чөп өнүп, касиеттүү жер эне жаңылана баштады. Айрыкча нымдуу тескей беттерде өсүмдүктөрдүн өсүшү өтө тез. Коктуларда, түзөңдөрдө эртең менен туман калыңдап, күн суук болсо, өйдө карай өрдөп жылат.

Ушул туман каптап турган күнү Тагай бийдин айлына кочкор мурун кашкар чапан кийген көзү ачык сынчы келди. Аны бий коноктоп, анан үч баласын чакырды. Сынчынын алдына Богорстон, Койлон, Сарбагыш келип отурду. Сынчы үч баланы сынап көпкө ойлонуп отурду.

– Буюрса, булардын өмүрү узун болуп, маңдайында жылдыздары жанып турат. Бар болгула балдарым!-деп аларды кетирип жиберди. Улуу балаң Богорстондун тукумунан жортуулчу, баатырлар көп чыгып, элин коргойт жана элдин тогу болот. Булар жердин жакшы жерин ээлейт деген экен. Койлон балаңын тукумунан корооздонгон сыпаа кишилер көп чыгып, өзүн жогору санаган нымактуу эл болот. Акыры кичүү уулуңан эл бийлеген адамдар арбын болуп, ошондой эле баатырлар көп чыгат. Бирок такыр ынтымагы жок журт болот. Тукуму бир-бири менен жоолашып, чабыша берет,– деген экен кайгыланып.

Ошентип сынчы Тагай бийдин үч баласын сындады. Тагай бий сынчыга жорго мингизип узатты. Албетте байыркы санжыраларда ушундай баяндар көп айтылат.

***

Тагай бий балдарына жер бөлүп бере элек эле. Ага жакындары айтты:

– Ардактуу бий балдарыңа конуш бөлүп бер, алар ошол жерди мекендеп, душмандан коргоп, элин адилеттүү башкарганга үйрөнсүн,– дешти.

Убакыт көп өтпөй бий аксакалдар менен дөңдө отуруп, үч баласын жанына чакырды.

– Балдарым мен улгайып баратам, силер бой тартып калдыңар, мен силерге конуш бөлүп берейин,-деди ойлонуп.

– Улуу балам Богорстон сага Сары Өзөн Чүйдү кыраан ак шумкарымды берейин улгайганда берекелүү ушул чөлкөмдө ит агытып, куш салып, армансыз жашагын. Бул аймакты элиң душмандан сактап, журтуң бакубат турсун. Экинчи балам Койлон сага Мөмөсү бышып жетилген кереметтүү түштүк жерин берейин, үстүнө мингениңде суу төгүлбөс акбоз жоргому алгын. Ошону менен түштүк жеринде жорго салдырып, журтуң менен аман-эсен жашап жүрө бер. Үчүнчү балам Кылжыр сен улуу балаң Орозбакты менен касиеттү көлдүн эки бетин ээле, кичүү уулуң Дөөлөсбакты Нарын, Чоң Кемин, Кичи Кемин жерлерин мекендеп, Алатуяк күлүктү чаап өз жерин душмандарына жолотпой бактылуу жашасын жана дагы жер талашпай, уруу-уруу болуп чабышпасын ал жаман апаатка алып келет,– деп ата көп акыл-насаатын айткан экен. Эл дагы, балдары да бийге аябай ыраазы болду. Убакыт өткөн сайын анын кадыр баркы арта баштады. Ошол кезде бул чоң чөлкөмдү Чынгыз хандын тукумдары Моголдор башкарып турган экен. Алар каардуу эзүүчү, өздөрүнө каршы баш көтөргөндөрдү жок кылып турган. Тагай жалпы кыргыздарга бий болуп шайлангандан кийин, Жунустун уулу Ахмад, анын уулу Султан Халил анын иниси Султан Саид менен жакшы мамиле түздү, алар эмне десе ошону аткарып туруш керек болгон. Тагай бий бул чөлкөмгө айрыкча, өзбек, казак элине кадыр-барктуу болгон. Моголстандын ханы Тагайды конокко чакырып, жалпы маселени аны менен бирге чечеер эле. Моголстандын бийлөөчүлөрү Тагай бийдин кайратынан корккон. Алар бийди кыргыздарды бириктирип, Моголстандын бийлөөчүлөрүнө каршы чыгабы деп кооптонушкан. Бий азыркы Барскон аймагында жалпы кыргыздарга хан болуп көтөрүлүп, өзүнчө көз каранды эмес мамлакет болууга аракет кыла баштаган. Тагай бий өзүнчө күчтүү армия түзүп, армиянын тартибин Темирландын тактикасын пайдаланган. Бийдин жоокерлери Султан Саиддин жана анын уулу Рашиддин жоокерлери менен далай жолу беттешет. Акыры Могол бийлөөчүлөрү Тагай бий менен мамиле түзүп тынчып калышкан. Бирок Султан Саид тынч жаткан кыргыздарга чабуул коюп каргыз армиясы жеңилип калып, Тагай бий колго түшүп, Кашкарга ак үйгө алынып келинген. Аны жок кылуудан Моголстан бийликтери корккон. Аны ошол жерде бий катары кармап турган. Кашкарда Могол бийлөөчүлөрү Тагай бийге баардык шартты түзүп берген. Ага бул жерде жалгыз өмүр сүрүү көңүлсүз болгон. Ошол үчүн ал үйлөнүп алып жашоого мажбур болду.

Тагай бий хандын багын аралап көңүл ачып жүрдү. Ал бакта эмне деген гана өсүмдүктөр жок. Алыскы Коконд, Маргалаң, Кытайдан, Индиядан алынып келинген түркүн өсүмдүктөр, көз жоосун алган гүлдөрдүн ар кандай түрлөрү. Бак ичинде түркүн куштар үн безеп адамдын көңүлүн көтөрүп алда кайда бийиктикке жетелеп жүрүп отурат. Араакта көйкөлгөн мажүрым талдын түбүндө үч сулуу кыздын сүйлөшүп турганы Тагай бийдин көзү чалды. Ошол кыздардын ичинен бирөө бийге өзгөчө жагып туруп алды. Мойну койкойгон, кыр мурундуу, ак жуумал кара көз, кара каштуу, калың олоң чачтуу кулпунуп турган кыз эле. Тагай бийге ошол кыз өзгөчө жагып турду. Бий алардын жанына барып ийлип салам берди. Сулуулар Тагай бийдин саламын алик алышты. Бийдин көзү жанагы сулууга тигилип туруп алды, кыз бийдин көзүн тике карай албай башын жерге салды. Бий да кыздын сылыктыгынан ыйбаа кылды.

– Кайсы тараптан келдиңиз эле?

– Анжияндык кыргыз кызымын.

– Урууңуз кайсы?

–Карабагыш уруусунанмын.

– Тилиңиз өзбекке жакын го.

– Бизде өзбектер менен кыргыздар аралаш жашайт.

– Быякка кандайча жол менен келдиңиз эле?

– Бул жерде Алимжан агам бар. Хандын багын тейлеген эң мыкты адам. Мен ошону менен бир келгем.

– Ата-тегиңиз эмне иш иштейт.

– Дыйканчылык эгин эгип, суу сугарат.

Ошентип ар дайым кечте Тагай бий Зулайка менен жолугуп жүрдү. Акыры Зулайка да Тагай бийди жактырып калды. Бий үйлөнүү жөнүндө ханга өтүнүчүн айтты. Хан бийдин өтүнүчүн жактыруу менен кабыл алды. Экөө үйлөндү. Зулайка өтө боорукер, назик, эмгекчил ургаачы эмеспи. Ал экөө бир канча жыл жакшы жашады Бирок Тагай бийдин санаасында бир нерсе кетпей турду. Ал турак жайын ата-журтун туулган жерин сагынды. Эли журтум эмне болду? Арыда калмак чагымчылары турат. Ошолордун чапкынына кабылган жокпу? Балдарым Богорстон, Койлон, Кылжыр эмне кылып жатты экен. Жөнөкөй момун элинин жашоо шартын ойлонот.

Ардактуу Султан Саид бүгүн сый урмат үлпөт уюштуруп, үстөл үстү ар түркүн жер-жемиш, набат жана башкаларга толгон. Бийдин көңүлү ачылып, хан менен жакшы мамиледе сүйлөшүп отурду. Экөө анда-санда жүзүм шарабынан жутуп коюп жатышты.

Бий ханга туулган жерин сагынганын ал жакты бир көрүп келүүнү каалап турганын айтып өттү.

Экөө дагы көпкө аңгемелешти.

Хан бийди жактыруу менен карап:

– Баргыңыз келсе кайсы учурда жолго чыккыңыз келет?

– Улуу даражалуум, уруксат берсеңиз бара берсек болот эле, ата-конуш эмне болду, – деп эки көзүбүз төрт болуп жайнайт.

– Анда аз күндөн кийин кам-чомуңузду көрүп кайта берсеңиз болот. Моголстандын арстандары Чынгыз хан орнотуп кеткен чөлкөмгө үстөмдүк жүргүзүш керек. Алык-салыкты кемитпей учурунда жөнөтүп тургула. Эгер менин сөзүмө турбасаңар түп оордуңар менен чабылып азап тартып каласыңар.

– Ошондой болот ардактуу Султан Саид баардыгы сиз айткандай болот.

Ошол сөз ошол болду. Анан он беш күндөн кийин Бий ата ата-журтка кайтууга камынды. Кетеерде жары Зулайка таарынып:

– Эми кетесиңби мени кимге таштайсың?

Ортодо жымжырттык. Аз жылдар болсо да бирге жашап, бир-бирине мамилеси төп келишип, ынтымактуу өмүр өткөрүп жатышпады беле.

– Эмне кылам хан эркиндик берип, кетүүгө мезгил жетти. Биздин да душмандарыбыз көп эле, алар биздин элге кол салып, жерин талашып жатпаса болду.

– Мен тиякка барып, баш аякты жыйып кайра келип сени алып кетем.

– Кетишиңиз жүйөөлү болуп жатат, бирок менин боюмда бар эмеспи. Аны кандай кылабыз?– деп ургаачы көзүн жаштады.

Үн жок үйдүн ичин жымжырттык аралады. Бир гана кашка чымындын ары-бери учканы даана угулат. Бийдин жанында «кетпе» деп Зулайка жары көзүн жаштап турат, кетпейин десе ата мекени күтүп жатат. Тагай бий эки ыңгайсыз абалдын ортосунда калды.

Ал башын жерге салып:

– Эмне кылабыз тагдыр ушундай деп шыбырап жатпайбы,-деди.

– Мен эмне келип-кеткен кишиден эле боюма бүтүп калгандай таштанды аял белем.

– Жок антип ким айтып жатат. Сени ала кетем. Сен менин нике кыйган асыл жарым эмесиңби.

– Түндө түш көрсөм сиз тоонун ары жагында, мен тоонун бери жагында болуп калыппыз. Кыйкырсам да эмнегендир үнүм жетпейт.

Тынчтык. Дабыш жок. Эки ортодо аянычтуу абал өкүм сүрүп турду.

– Мен бир жолу кетпейм, Ала Тоо бул жерде эле эмеспи.

– Билбейм көп эле кишилер келип кеткен алардын аздары гана кайрылып келишкен.

– Сиздин келгениңиз, кеткениңиз мага эсеп эмес, кеп курсактагы балада болуп жатпайбы.

– Анда сени ала кетейин.

– Мен көчмөн турмушка ылайыксызмын, өмүрүм бир жерде өткөн. Анын үстүнө боюмда болуп турганда кантип жол тартам, күз күнү суук болуп турганда, суука кабылып жок болом. Катуу суукка чыдамым жок.

Тагай бий эмне кылаарын билбей калды. Ал Зулайканы сыга кучактап, аял бышактан үн чыгарып ыйлоодо. Бул ажырашуу аянычынын коштошуунун күйүтү болчу. Алар эртеңки армандуу ажырашууну ойлоп жатышты. Экөө түн боюу баягы жолуккан күнүнөн тартып, ушул кезге чейинки күндү бир баштан эскерип чыгышты. Тагай бий үчүн бул жер жакшы эле. Бирок тиякта ата-журту чакырып жатпайбы. Улуу тоонун тентек жели булуттары, шок суулары, ата-журту чакырып жатпайбы.

– Мен сиздин мекениңизге бара албайм, бирок баланы эмне кылам?

– Эгер жаратканым колдоп аман-эсен төрөп алсаң баланы алып кетем.

– Келип алып кете албай калсаңчы?

– Анда белгими берип кетем.

– Эмне белги?

Тагай бий ойлонуп калды:

– Менин белгим күмүш бычак болот. Ал белгилүү чебер устанын колунан жасалган.

– Эгер муну бала жоготуп же жол баратканда бирөөгө алдырып жиберсечи?

– Ага кошуп болот өгөөнү берем. Төштүк өгөө үчүн жердин жети түбүнө түшүп кеткен.

Зулайка ойлонуп калды да:

– Мелиңиз экөөн тең таштаңыз.

Ошентип алар түн боюу сүйлөшүп эскерүү түнүн өткөрүп жатышты. Анан эртеси таң агарды. Куштар сайрап, назик үн салды. Жакын жерден молдонун азан чакырган керемет үнү теребелге дааны угулуп турду. Кайра жашоо башталып, кайра өмүр уланып кирди.

Алар эртең менен саал кечиреек ойгонушту. Жана түндөгү бүтпөй калган маекти кайра баштап киришти.

– Атын ким,-деп коём? Бул баланын атасы ким болот?

– Атынбы, Айкөл Манастын кырк чоросу бар эле Карачоро деп, коёбуз.

– Бул бала Манаска чоро болобу?

Тагай бий күлүп жиберди да:

– Манас баатыр кыргыздын эгеси бийик күнү ал бизден мурун эле жашап өткөн чоро деген баатырдыктын элесин берет. Менин балам баатыр болсун же, улуу баатырга чоро болсун. Сен баланы агаң Калимжандын баласы деп атай бер анан мезгили келгенде ал түшүнөөр.

Зулайка Тагайды аянычтуу карап турду да:

– Мейли ошондой эле дей берейин. Ал агамын баласы болуп менин тарбиямда өсө берсин. Анан сиз бат эле келесизби?

– Кеткен бойдон келбей калмак белем, сөзсүз келем балким, сени да Ала Тоого ала кетеермин

– Аны байкайлы,-деди Зулайка Тагай бийге.

Зулайка бийге белекке деп сонун канжар, бат атма мылтыкты, ошондой эле аябай сонун келиштире сайылган бир нече жүз аарчы, жана башка майда барат оокаттарды берди. Мунун баары эстүү аял мени дайыма унутпай жүрсүн деген белги эле. Бийдин өңүнөн ыраазы болгон жылуулук төгүлүп кубанычка батып турду.

Айланага күздүн айы жаңы башталган эле. Келгиндер асмандан муңдуу үн салып түштүк тарапка сапар тартып учуп өтүп жаткан. Алардын коштошуу үнү чар тарапка угулуп, пенделер дагы бир сонун жайдын кеткенин арман менен эскерип турушту. Түштүктүн ысыгы башталып, али күчүнөн кайтпай турду.

Баш кошкондор ажырашмай болду. Тагай бий улуу өкүмдар жана ордонун адамдары менен коштошуп жатты:

Алар:

– Дагы келип турсаңыз экен.

– Биздин кыргыз туугандарга салам айтыңыз.

– Сапарыңыз байсалдуу болсун! Элиңизди ордого каршы алып чыкпаңыз, антсеңиз өмүрүңүз опурталдуу болуп калат.

– Жакшы барыңыз.

– Өзүңөр да жакшы калгыла силердин сыйыңарга ырахмат.

Дарбазадан ары Тагай бийди ээрчип Зулайка кошо барды. Аял чыдай албай айтты:

– Кайра келесизби?

– Сөзсүз келем сени таштасам да баланы кантип таштайм.

– Анда жолуңуз болсун!

– Өзүңө кара аман-эсен төрөп ал. Денеңе зыян болот оор нерсе көтөрбө! Ар дайыма жылуу жүр. Биздин тагдырыбыз кандай болот билбейм, кыргызда Манас баатыр болгон. Эл чабылып, Каныкей эне төркүнүнө качып барып, анын уулу Семетей ошол таякелеринде өскөн. Качан он экиге келгенде ал ата конушун билип, ошол тарапка аттанган. Дагы айтам баланын атын Карачоро койгун. Кыз болсо өзүң бил. Сенин ата-тегиң кыргыз, болгондо да бийдин уулусуң деп айт!

– Макул айтам,-деп Зулайка Тагай бийди аянычтуу карады. Аялдын көзүнөн эки мончок жаш сыгыла агылып жерге түштү.

Тагай бий жана анын жигиттери аттарын камчылап, чоң сапарга аттанышты. Аттардын туягынын дүбүртү айланага угулуп турду. Зулайка атчан кетип бараткандарды телмирип карап турат. Атчандардын арасында Тагай бий бурулуп артын карады; бактын түбүндө ак жоолук салынып, бир аял турат. Ал жоолугун алып булгалады. Бул тирүүлүктө жолугабызбы же, жолукпайбызбы деген жышаана болчу. Экөө тең бири-бирин карап аянычка батып турат.

Ошентип бий кеткенине эки айдан ашканда ажарлуу Зулайка көз жармай болду. Ургаачы тынсызданат деги эмне төрөйм, кызбы же эркекпи? Эркек болсо баласын чоңойтуп Ала Тоого ата-журтуна кеткиси келди. Ушул жерде ысыкта какталып, тургусу келбеди. Андан көрө балдарын багып, боз үйүнүн жүгүн ат, өгүзгө жүктөп, тоо-талаада бир жерден экинчи жерге көчүп, көчмөн турмушта жашай бергиси келди. Зулайканы эки аял төрөттү. Төрөтү бир аз оор болду анткени менен аман-эсен төрөп алды. Атасы айткандай эркек экен. Кудайга тобо! Артыбызда аталар атын унуттурбай тукум улаар бала калат. Баланын атын Тагай бий айткандай кудайга жалынып Карачоро деп койду. Ошентип бала бирде ыйлап, бирде күлүп, мезгилдин өтүшү менен чоңоё берди.

Андан бери он эки ай кезек менен алмашып, он эки жыл өткөн экен. Ошончо жолу жаз келип, ошончо жолу кыш кетти. Карачоро ордодо иштеген Зулайканын агасы Калимжандын баласы болуп, ошолордун үй-бүлөсү менен кошо чоңойду. Ал Зулайканы «эже» деп чакырчу. Ал кечке кошуна балдар менен ойнойт. Өзү теңдүү уландарга караганда боюу бийик, атасын тартып жотолуу эле. Ошондонбу өз күчүнө ишенип, башкаларга кордук көрсөтө койчу. Береги майда балдар биригип, Карачорону оюндан четтете баштады. Анысы аз келгенсип:

– Эй, атасы жок бала.

– Таштанды.

– Атаң сени таштап мал бакканы тоого кеткен.

– Сен атаңы таап албайсыңбы?

– Атасы жок селсаяк.

Карачоро ушул сөздөрдү угуп балдарды сабап кирди. Кичинекей балдар жеткирбей качып:

– Таштанды.

– Эй, атасы жок таштанды.

– Кыргыз баласы койчунун баласы.

– Атаң сени «бакпайм» деп өз жерине кеткен.

Кичнекей балдардын ата-энеси Карачоро менен урушуп:

– Эй, дардагай кичинекей балдарга эмне тийишесиң.

– Таштанды,-деп жатат.

– Таштанды эмей эмнесиң атаң кайда?

– Таштанды эмесмин.

– Таштандысың Ала Тоого качып кеткен атаңы таап ал!

Загрузка...