ДОЛОН БИЙДИН
ЗАМАНЫ
Жон жондордо чогулган
Жомокторго келели.
Мындан аркы айтылаар,
Кепке кезек берели.
Качанкы өткөн заманга,
Кайра кайтып келели.
Атаңдын көрү дүйнө күн,
Андан башка не дейли.
Аркы атабыз Ырыскан,
Тайган эмес ырыстан.
Долонбий менен Домбулбий,
Ырыскандан жаралган.
Мындан аркы кебебиз,
Ошолордон башталган.
Окулялар ташталган.
Төрөлгөн дешет Долон бий,
Эне Сайдын жеринде.
Аккан дайра жээгинде,
Алкынып аккан чоң дайра,
Арт жагына акпас кайра,
Кылымга кеткен атагы,
Кыргыздын көзгө басаары,
Өзгө жанга чокутпай,
Өз журтун коргоп алаары,
Качанкыдан кабар алып,
Калың элин тактаары.
Санжырада айтылган,
Санат сөзү бир далай.
Эч нерседен тартынбас,
Эстүү жандын укмушу ай.
Бийик бойлуу жайдары,
Бүркүт тумшук абройлуу,
Акылга бай, так айтат,
Жазы маңдай айлалуу,
Жаралгандан таалайлуу.
Санжырада айткандар,
Ушул баба жөнүндө.
Учкай кепти чубашкан,
Уламаны улашкан.
Ал кездеги окуянын,
Чын төгүнүн ким билет.
Желип учкан токтобос,
Бийик тоодо жел билет.
Бир билсе жазмышта,
Аны айткан жан билди,
Аңгемени тыңшаган,
Аны уккан жан билди,
Абалата кеп кылып,
Жазмачылар чыгарды.
Жазылбай калган баяндар,
Жазмасы жок сөз калды.
Дололонбий көчүп жүрүптүр,
Аркалап бийик тоолорду.
Арымы кенен созулган
Аралап байтак жолдорду,
«Алдырбайм» деп ант берген,
Аңдып келген душманга,
Ак карлуу Ала Тоолорду,
Ай түнөгөн жолдорду.
Калмактар менен алышып,
Карлуу тоону жайлаган.
Жоо тартышта кансырап,
Жоболоңдон качпаган.
Акыл-эсти туу тутуп,
Айла менен кол салган,
Айланадан үн салып,
Ак жолборсу чамынган.
Эчаакы өткөн тарыхтан,
Эчен түрлүү кеп калган.
Бир кезде унут калгандын,
Билигин чубап чыгарган.
Ала Тоодо кыргыз эл,
Монголдор менен алышып,
Ат үстүндө чабышып,
Калмактар менен бет келип,
Маал-маалында тирешип,
Манжылар менен алышып,
Ат үстүндө чабышып,
Катарлаша бой салып,
Уйгурлар менен алышып,
Канча бир заман өтүптүр,
Кара тоого булуттар,
Калкылдап гана көчүптүр.
Андагы өткөн баяндар,
Акыл эсте калбаптыр.
Акыл эсте калса да,
Санат сөзү сызылып,
Санжырачы жазбаптыр.
Ээ…эээй....
Жунгарлар менен кармашта,
Желбегей тон жамынган.
Кажыбас күлүк таптаган,
Кара жорго ат минип,
Желпиништин тоосуна,
Жебедей учуп бат жетип,
Жеринде туулган намыска,
Күтүрөтүп мал күтпөй,
Андан көрө алыстан,
Алыш-бериш дос тапкан,
Каршылаш жоосун жибитип,
Аброй күтүп сыйлашкан.
Аралап бийик тоолорду,
Арка болоор бел тапкан.
Күнүмдүк жерге алкынтып,
Күлүктү тосту күйүккөн.
Күткөн жанды сүйүнткөн.
Айта берсе арбын кеп,
Долонбийдин тарыхы.
Эрөөлдө эл башкарып,
Баласы менен тең багып,
Барктай билчү башканы,
Ушуларды айтайын,
Унут кылып салбайын.
Ээ…эээй…
Колго түшүп калмакка,
Камыгып ал кармалган.
Каардуу бийди жок кылыштан,
Калмак жайсаң тартынган.
Ошол болгон кармашта,
Оң колу болгон жаралуу,
Айдыңы болгон бараңдуу,
Асыл башы айлалуу.
Өз жери, элин коргогон,
Өчпөгөн аты таалайлуу.
Баштай берсе арбын кеп,
Бабабыздын тарыхы.
Байкатпай өтүп кетиптир,
Байыркынын заманы.
Эээ…эээй…
***
Андан бери өтүптүр,
Экчеленип көп заман.
Дайындуу журт баянынын
Далайы эсте калбаган.
Ошол кезде кыргыздар,
Эне Сайды жайлаган.
Элкилдеп мал оттотуп,
Этекке коюун кайырган.
Кеңейип анын турагы,
Кем эмес эле башкадан.
Миң Суу деген өрөөндө,
Миң жылдары жашаган.
Ак кийизге отургузуп,
Акылман ханын шайлаган.
Кыргыз элдин тарыхы,
Кытайларда катталган.
Кара кытай ханы менен
Катарлаш болуп жашаган.
Ар дайыма алар менен
Алыш-бериш катышып,
Акылдуу иштер башталган.
Ошол кезде кыргызды
Ырыс инал башкарган.
Хан даражасы инал деген,
Ал ысымды эл берген.
Анан дагы кыргыздар,
Жолдун басып далайын,
Түбүнөн өтүп асканын
Миң Суудан, Теңир Тоого,
Жол арытып, көчүп жүргөн,
Салкын төрдө бээ байлап,
Бүт жумушун шай-шайлап,
Адырларда мал айдап,
Жыргап өмүр өткөргөн.
Анан дагы кыргыздар,
Өтө каарман эл экен.
Башкага намыс бербестен,
Уйгурлар менен кармашкан,
Калмактар менен алышкан.
Баарысына бой бербей,
Аз болсо да арстан,
Он жоокерин бириктирип,
Он башчы деген башкарган.
Жүз жоокерин кошуп алган,
Жүз башчы ага көз салган.
Баарысы тең биригип,
Аскери түмөн аталган.
Күрөштөрдө кайрат жыйган,
Күчтүү жоого тиш салган.
Аял, кызы каарман чыгып,
Эр жигиттей аттанган.
Эне Сайлык кыргыздарда,
Белгилүү болгон көп адам.
Барсбек каган баштаган,
Бал-бал ташта ысымы,
Байыртан калып жазылган.
Болгон экен бул окуя,
Ата баба баяны.
Абалкылар кайрылбай,
Андагылар артта калды.
Санжыраны сабалатып,
Санаганга сөз керек.
Андан башка айтканга,
Акыл жана ой керек.
Эне Сай суусу агууда,
Желип учуп сапырылып.
Элестүү болуп табылгыс,
Эң бир сонун жаратылыш.
Жайлоолор жатат көрк чачып,
Жайдын сонун бир күнүндө.
Маек куруп отурушкан,
Белгилүүлөр бир дөбөдө.
Ошолордун ичинде,
Санжырачы акылман.
Баардыгына каалоо тилеп,
Бакытка гана чакырган.
Белине жеткен сакалы,
Таяган эчак жүз жашты.
Элтерес деген карыя,
Мындай деген кеп айтты:
ЭЛТЕРЕС АТАНЫН БАЯНЫ
Береги биздин түштүктө
«Жажут мажут» эл экен,
Абдан тажаал эл экен
Адамдарды тирүүлөй,
Аймап-жаймап жейт экен.
Баш ийбеген элдерди,
Тирүүлөй белин сындырып,
Таштайт экен итине,
Ити аны жеп алып,
Киши жегичке айланып,
Көрсөтөт экен кордукту,
Салат тура зордукту.
Жүзү алардын курусун,
Жосунун кара түн урсун.
Ажыдаарды үйрөткөн,
Адамча баарын сүйлөткөн.
Сыйпап баарын жогокон,
Сыйкырчысы андан көп.
Кыштын күнүн жай кылып,
Жайдын күнүн кыш кылып,
Муз кылып катырып,
Жайчылары мындан көп.
Асмандап учкан көкөлөп
Түлкү, казды кара өрдөк,
Аңдып байкап жыт билген,
Кийикти күлүк кайберен.
Чек арасын кайтарткан,
Ар дайыма сак жаткан
Жамагатка таанылган,
Жалгыз көздүү дөөсү көп,
Найза, кылыч кармаган,
Балта чабаар мындан көп,
Атчан келген бааатырдан,
Жөө жүргөнү мындан көп.
Бир өгүздүн чоң санын,
Бир эле аймап жеп алат,
Ачуусу келип каарданса,
Алты күнү кармашат.
Алышкан менен баары бир,
Адамдын алы жете албайт.
Жоокерлерин курап алып,
Жолдогунун кыйратат.
Баш ийбеген элдердин,
Башын алып келатат.
Алдуулардын далайын,
Азапка салып келатат.
Түштүк жактан ошентип,
Сел каптап келатат.
Сезимдүү назик жандардын,
Сезин алып келатат.
«Жажут-мажут» эл экен.
Каптап кетсе сел экен.
Кары-жашты куйкалап,
Каарып жүргөн өрт экен.
Ошол өрттөн аман-эсен,
Кыргыз журту калабы?
Ал болбосо алы кетип,
Ар кай жакка качабы?
«Жажут-Мажут» эл экен
Бүт баардыгын караткан.
Алып-жулуп баардыгын,
Алдыга карай бараткан.
Адамдын алы жетпеген,
Учу кыйры кеп-кенен,
Кытайлар менен алышып,
Келе жатат кармашып.
«Жажут-Мажут» ал элден,
Чынгыз хан деген чыгыптыр,
Ошол элге башчы адам,
Далайы менен кармашкан,
Өзүнчө эле бир арстан.
Өз аты экен Темирчи,
Чоң курултай башкарып,
Анын жаны тыныптыр,
Чынгыз хан деп аталып.
Бир кары сурайт кеп салып:
– Чынгыз хан деген ким болгон?
Маанилүү тура баяның
Маек курчу ошондон.
Элтерес кары кеп салды,
Кеп салганда деп салды.
Мындай баян улады.
– Ошол Монгол ичинде,
Кыят тукумунан таралган
Курлас уруусу аталган.
«Жараткан» деп, өмүр сүрүп,
Жылдыз деген хан жашаган
Анын небереси Дайын Баян,
Кийин ошол хан шайланган.
Ошол эле уруудан,
Караганга ай чырайлуу,
Абдан эле акылдуу,
Алангү деген кыз болгон,
Ай периге окшогон.
Далай жигит көз салган,
Бирөө дагы ала албаган.
Дайын Баян ошого үйлөнөт,
Чоң той берип эл күтөт.
Дайын Баян мыкты жигит,
Уруусуна чеп болгон.
Монгол калкын бириктирип,
Андай жигит болбогон.
Улам-улам бириге,
Монгол калкы чыңалды.
Бытырап бирикпес,
Башка урууну чаап алды.
Кайрат күчтү чыңаган,
Башкаларга жол салган,
Мыкты башчы баягы,
Жазымышпы ал дагы,
Күндөрдүн бир күнүндө,
Ала кечки күүгүмдө
Дайын Баян каза табат.
Алангү сулуу акылман,
Арманданып жесир калат.
Жесир калып шор катат.
Аял эле эл багаар акылман,
Калың журтка көз салган
Ат үстүндө жаа тарып,
Албан ишти жазаган.
Кем эмес болуптур,
Баатырлыгы жолборстон,
Ат үстүндө кылычты,
Ары-бери ойноткон.
Күндөр жылып токтобой
Алдыга арыш алган.
Айлар алга ала салып,
Эки жыл өтүп арадан.
Жылдардын бир жылында,
Айлардын бир айында,
Койлор жуушап арыда,
Коктуда жаткан маалында.
Төгүп турат ай нурун,
Журт уйкунун чагында.
Алтымыш уукту чоң боз үй,
Алангү жаркын ойгонот,
Түндүк жабуу көтөрүлөт,
Сүйкүм ак нур жерге түшөт.
Өзүнөн өзү анан барып,
Түндүк жабуу жабылат,
Үйдү кайра тынчтык басат.
Ошол укмуш нур кубулуп,
Адам затка айланат.
Эмне болду бул укмуш,
Келин ага таңданат.
Жаралгандан ал келин
Көргөн эмес мындайды.
Бул эмне сыйкырбы,
Же болбосо башкабы?
Татынкай ак жуумал,
Көзү көк сары сакал.
Боюу узун далдагай,
Сыйкырлуу бир адамдай.
Нур адамга айланды
Баарысы тең тынчтанды.
Короо тынч, баары тынч,
Үйдү бейкут аркалайт.
Сүйкүм тарткан убакта,
Сүйүү учуру башталат.
Алангү аны менен
Түн боюу бирге жатат.
Айтып бүткүс махабат,
Ал экөөнү аралайт.
Жакшы учур аяктады,
Токтобой кыймыл уланды.
Адам нурга айланды,
Түндүк жабуу ачылды.
Нур болсо чыгып кетти,
Үйдү тынчтык каптады.
Түгөл тынчтык аралап
Түндүк жабуу жабылды.
Аял болсо көшүлүп,
Тынчтанып уктап калды.
Бир келди тунук сүйүү,
Көргөн эмес мындайды.
Бул сыйкырбы башкабы?
Нур менен Алангү,
Далай жолу катышат.
Махабаттуу ыйык түн
Анан барып аяктайт.
Мезгил өтүп акырындап,
Алангү болду кош бойлуу.
«Кантип бүттү боюна»,
Каршылаштар ойлонду.
Кээ бирлери жек көрдү,
«Көрсөтөбүз көргүлүктү»
Алангү жакын аялдарга,
Закым нурду көрсөттү.
Абысындар көрүштү,
Алоо нурду жанакы.
Асылгандар баягы
Ачылган оозун тып басты.
А балким бул окуя,
Жумушудур жараткандын.
Байыркынын санжырасын,
Баштагандыр жаратканым.
Ошол иш ошол болду,
Күүгүм кирди, таң атты.
Дайнын такыр билгизбей,
Далай убак кыр ашты.
Ошондогу жашыл нурдан,
Жумурай журтка таанымал,
Балким бир адам чыгаар,
Баардык элге таанылган.
Оо, ыйык жаратканым!
Баарысын тең жараткансың.
Акыл берип адамдарды,
Ай ааламга тараткансың.
Алангү деген береги аял,
Кереметтүү жашыл нурдан,
Түнүндө келген адамдан,
Үч баланы тууп алган.
Ошол келген жашыл нур,
Тукуму экен кыргыздын.
Закым нур болуп кубулган,
Андан тукум уланган.
Байыркы өткөн баянды,
Көрүп келген киши жок.
Эбакы өткөн аяндар,
Эчтеме менен иши жок.
Биз эчтеке билбейбиз,
Чынбы калппы бул жомок.
Эң улуу баласы,
Бугун Катаган болуптур.
Ортончусу Булан Жалчы
Кичүү баласы Буданчар,
Үчөөнөн чыккан тукумдар,
Арбун Будун деп аталган.
Байыркы атты чакырган,
Ушундай уулдар таралган.
Кыргыз тилге которсок,
Маанисин тактап ойлонсок,
«Закым нур» деп аталат,
Дал ушундай атты алат.
Алангүнүн ортончу баласы,
Буданчар деп аталар.
Санжырада айтылаар,
Андан эки бала бар.
Токо, Томо уландар,
Андан тукум уланаар,
Токо деген хан болот.
Токо улгайып өлгөн соң,
А дүйнөнү көргөн соң,
Уулу Дутма хан болот.
Бактысы учуп оболойт.
Өстүрүп сегиз баланы,
Өстөндү бойлоп отурган,
Сегиз уруу эл тарады.
Сегиз уруу ошол эл,
Санат сөзү көп болуп,
Сабалатып айтыла
Санжырада жазылды.
Сегиз уулдун ичинен,
Кайду деген тың чыкты,
Кайратынан кан чыкты,
Тиреше келген душманын,
Тизелетип санга чапты.
Кайдудан тукум уланаар,
Шукшурулган канат бар,
Андан чыкты Байшумкар,
Андай ары мындай деп,
Ата баба баянын,
Айта берсе арбын кеп.
Бүт журтту башкарган,
Андан ары Түмөн бар.
Андан Кабыл төрөлдү,
Журт башкарып барбайган,
Андан ары Эр Барбан.
Душманы уу берип жайлаган,
Кадимки Темирчинин атасы,
Журт башкарган Есугей,
Дайын болгон жалпыга,
Есугейден беш бала.
Кармагандан кан чыкты,
Ошол, ошол Темирчи,
Темирчи төрөлгөндө,
Жети күнү күн бузулуп,
Токтобой бороон согуп,
Кар аралаш жамгыр болуп,
Айлана такыр көрүнбөй,
Ак булуттар бери өтпөй,
Боз үйлөр солкулдап,
Жаман тамдар дагы урап.
Дарак башы кыймылдап,
Иттер үрүп ызылдап,
Жан-жаныбар үн салып,
Өзүнчө бир аламаат.
Жер титиреп кыймылдайт.
Ал бала алаканына,
Кан уучтап түшүптүр.
Кан уучтап түшкөнү
Адам көрбөс түйшүктүр.
Айласы куруп тап-такыр,
Аталар такыр таң калды,
«Ээ кудайым сакта»-деп,
Энелер эстен танды.
Такыр эле калп эмес,
Бул окуя чын экен
Санжырада жазылган,
Уламада айтылган.
Бийлик үчүн жол салды,
Кыр көрсөткөн душманды,
Кылыч менен кайсады.
Наркы, берки жоолорун,
Найза менен жалмады.
Ошол, ошол Темирчи,
Бүт Монголду башкарган.
Жоо болуп каршы чыкканды,
Жок кылып баарын жалмаган.
Ошол, ошол Темирчи,
Бийликке карай жутунду,
Баардык журтту башкарып,
Байлыкка карай кол сунду.
«Батпас эгем болом» -деп,
Баарына карай умтулду.
Чоң Курултай өткөрүп,
Чынгыз хан болуп аталды.
Анан каардуу, кандуу жол,
Ай ааламды каптады.
Жердин үстүн бүлүнтүп,
Жергеге бүт буй салды.
Узун бойлуу кең далы,
Жана дагы көзү көк,
Башындагы чачы сары,
Бабасындай ак жүздүү,
Чындыгында Чынгыз хан
Кыргыздын бир тукуму,
Эне Сайлык кыргыздар,
Ушул өңдө болуптур.
Чын эле чыгаар бир жагы,
А балким бул жомоктур.
Сабалатып баяндаган,
Санжырачы кеп салат.
Калпы чынын ким билет,
Баары ошондой катталат.
Барактарда жазылат.
Ушул сөздү айтып бүтүп,
Элтерес сөзүн аяктады.
Элдин баары таңданды,
Журт болсо ойго батып,
Этектерин күбүшүп,
Анан дөңдөн тарады.
Жердин үстүн буй кылып,
Каптап келет Чынгыз хан.
Баардык жерге өрт жагып,
Мойсоп келет Чынгыз хан.
Көргүлүктү көрсөтүп,
Жок кылып келет Чынгыз хан.
Акырындап айтып бүттү,
Элтерес ата баянын.
Санаркоо ойлор каптады,
Отургандын баардыгын.
Элтерес ата жомогу
Элдин баарын ойлонтот.
Каардуу душман келатат,
Капсалаңдап ойрондойт.
Чогулган эл түйшүктүү,
Чочулоо басты араны.
Этектерин күбүшүп,
Элдин баары тарады.
Убакыт такыр токтобой,
Жума өтүп күн жылган.
Баягы эле чөң дөңгө,
Баардыгы келди кайтадан.
Эл билгилер келишти,
Кенен жайып ортону.
«Калың журтпуз биз дагы
Кана эмесе ойлонолу.
Кылымдан-кылым жашаган
Кыргыз журту өтө азайган.
Табалы бир айланы,
Жоонун алдын тосууга,
Жоокерлерди чыңдайлы.
Күчүбүз такыр жетпесе,
Чынгыз ханга кошулалы.
Кырып такыр кетпесин
Кыргыз элин сактайлы».
Булуттар жамгыр төгүптүр,
Жарым жылдай өтүптүр.
Талап кылат эмнени,
Монголдон элчи келди.
Супатай баатыр баштаган,
Элчилер келди капталдан.
Конок кылып баатырды,
Кондуруп аны сыйлаган.
Баатыр анда кеп салган,
«Силерден салык албайбыз,
Арбын жигит бергиле,
Майданга аны салабыз».
Чынгыздан мээрим күтүп
Кыргыздар элчи даярдады.
Белек деген эмне экен
Берүүгө баарын камдады.
Алтын ээр токулган
Жал куйругу кап кара.
Ак боз атты тартуулашты,
Таң калыштуу байкаса.
Ошол тартуу ичинде,
Буту көзү кып-кызыл,
Кара шумкар бар эле,
Мээрими түшкөн адамдын.
Ок өтпөс темир тулга,
Асмандан түшкөн ыйык таш
Дал ошондон даярдалган.
Кесип туруп жасалган,
Адамдар карап таңданган.
Оң таптырбас атканда,
Жебеси бар жаалар.
Ок өтпөс темир тулга,
Кылыч менен найзалар.
Дагы, дагы башкалар.
Зергерлер аны камдаган.
Жалын менен сугарган.
Мыкты усталар усанган,
Даңкы ааламга тараган.
Ошол эле 1207-жылы
Жумадил баатыр баштаган,
Монголго сапар алып,
Чоң түмөн жолго аттанган.
Ал түмөндү Чынгыз хан
Эң алдыңкы сапка койгон.
Канча бир баатыр майданда,
Калың жоодо жок болгон.
Он жыл өтүп арадан,
Жоокерлер келбей калган.
Каза таап баардыгы,
Кайткыс жайга аттанган.
Ким эгерде жоодон качса,
Анын баары жок кылынган.
Беттешкен жоксуң душманга
«Качкын» айып тагылган.
Баш ийбеген жоокерлерди,
Ылдам башы алынган.
Тирүүлөй аны жылаңачтап,
Адам жеер итке ташталган.
Кан майдандан жашынып,
Качып-бозуп элге барган.
Баардык азап-тозоктун,
Бакисин журтка кабарлаган.
Арып келген качкындар,
Азаптын баарын айтышты.
Чынгыз хандын жоругу,
Чыдатпай жанга батты.
Монголдорго каршылашып,
Көтөрүлдү кыргыз эл.
Кылым самап келген эл.
Каарман эл экенин
Оңой эле жеңилбесин
Чынгыз хан да түшүндү.
Жеңилбес Супатай баатырды
Кыргызга каршы аттанты.
Эки күн болду чоң кармаш,
Чоң дайранын жээгинде.
Акыры кыргыз жеңилди,
Алы кетип бул кезде.
Калаймынды баштаган,
Карышкырдай Чынгыз хан.
Эчен эрди жайлаган,
Эркин кыргыз азайган.
Эне Сайда согушта,
Колго түшкөн Ырыскан.
Жана дагы көп жоокерлер,
Турткун болуп кармалган.
Эл башчысы Ырысканды,
Чынгыз ханга алып келишти,
Берсин деп ошол жазаны,
Калбасын деп арманы.
Чынгыз хан анда каарланды:
«Айтканын аткарбады
Монголдорго күч берүүгү,
Такыр эле жарабады.
Буйрам сага мындай жазаны».
Желмогуз кан ичеер,
Ошол кезде Чынгыз хан
Ырыскандын тирүүлөй
Кармап белин сындырып,
Киши жегич иттерине,
Салмак болчу ыргытып.
Бардан жок болуп,
Жоктон бар болуп,
Арбак даңкы козголуп,
Ошол турган топ ичинде,
Адамдын көзүн тез буучу
Жайчы менен сыйкырчы,
Көзү ачыктар бар экен,
Кордолбогон чагы экен.
Ата баба арбагы,
Аларды коргоп кеткен экен.
Бардан жок болду,
Арбак даңкы козголду,
Эл бийлеген адамдар,
Ырыскан жана башкалар,
Баардык ошол туткундар,
Чынгыз ханга карматпай,
Жаратканым өзү сактай,
Кайып болуп жоголду.
Дал ушундай иш болду.
Күндөрдүн бир күнүндө,
Ала кечким күүгүмдө.
Белине жеткен сакалы,
Улуу акылман Элтерес
Чоң дөбөдө баягы,
Акыл кебин баштады:
– Оо, жамагат кыргыз эл!
Байыркыдан келген эл.
Эне сайды, Теңир Тоону,
Элкин жайлап келген эл.
Ажыдаардай Чынгыз хан
Монго журтун башкарган,
Далайды кыргын кылып,
Канды суудай агызган.
Канча бир эрди жалмаган.
Тынч элди жөн койбоду,
Баардык жерди жойлоду,
Не кылабыз жок арга,
Ал жетпеди каапырга,
Ата баба сөөгү калган,
Байыркы кыргыз жашаган,
Теңир Тоо ыйык жергемде,
Көп уруу кыргыз калды эле,
Паана кылып качкыла!
Ошол жакка баргыла!
Ыйык эл кыргыз тукумун,
Жоготпой сактап калгыла!
Акылдуу чал Элтерес,
Айтып берди көп баянды.
Бул сөздү угуп кары жаш,
Качканга алар камынды,
Арманын айтып кайгырды,
Аталар көзүн жаштады,
Ал жетпес жоону каргады,
Эр жеткен уулун жоктошуп
Энелери кошок кошушуп,
Эл журтка айтып арманды,
Энелер жашын тыйбады.
Эчкирип улам ыйлады.
«Ажал деген тигил жакта,
Арбак каптап келатат.
Болбогонду болтуруп,
Болумуш каптап келатат.
Алмай-телмей суюлтуп,
Арман каптап келатат.
Кыргыз эли жоголбогон,
Кылымдык эл болгон.
Ажыдаардан жашынып,
Алыс жакка качкыла!
Чымындай жаныңарды
Чыркыратып жоого бербей,
Аман сактап калгыла!
Алыс жакка качкыла!
«Жажут-Мажут» эл экен,
Жакшылыгы жок экен.
Карабай калың журтту,
Каптап кетеер сел экен.
Алоолонгон өрт экен,
Ажыдаары бар экен.
Тиши кылыч, заары от,
Тирүү кимдер калды экен?
Кара Тоону аркалап,
Кара башты калкалап,
Текши баарың чогулуп,
Теңир Тоого качкыла!
Шаарларга от коюп,
Ыйык журтту жоготуп,
Медресе мечитти,
Мерчемдүү жерлерди,
Баарысын тең кыйратып,
Текши баарын каратып,
Чал-кемпирди ыйлатып,
Эр жигитти сулатып,
Караан жылып келатат.
Кайрымы жок эч жанга,
Каапыр жылып келатат.
Ач калтырыпп баарысын
Ажыдаар келип жеп салат
Т екши баарың чогулуп,
Теңир Тоого качкыла!
Агайын эл жаныңарды,
Аман алып калгыла!
Катүгүн кыргыз жок болобу,
Карып калган чал ыйлайт.
Армандуу карап үй-бүлөсүн,
Ак жоолукчан келин ыйлайт.
Эртеңки күн не болот,
Элечекчен эне ыйлайт.
Капага батып солкулдап,
Кайың ыйлайт, тал ыйлайт.
Эне Сай менен коштошуп,
Өкүнүч айтып боздошуп
Долонбий көч көчүрдү,
Ыйык жерге сапар алып.
Кербендер сапар жөнөдү,
Ыйык жер Эне Сайда,
Алыс жакка бара албас,
Ат минип жүрө албас,
Кары картаң чал калды,
Кээ бир жаштар алардын,
Жанынан кетпей көз салды.
Кайгырып айтып арманды.
Караанын такыр көрсөтпөй,
Калың токой койнун аралады.
Көрүнбөй такыр бөтөн элге
Көмүскө жерде жашады.
Оо, жараткан Алла Тала
Кыргыз журтун сактай көр!
Алакандай кыргызды,
Аман алып кала көр!
Ошентип кыргыздар,
Ала Тоого көчүшүп,
Адыр менен өтүшүп,
Нойгут, Бостон уругу
Мундуз, кушчу, саруулар,
Кара багыш, моңолдор,
Көп аймакты аралап,
Көчүп келип жай алды,
Башкача жашоо башталды,
Убакыт өтүп арадан,
Ажалдуу жалын тараган,
Ажыдаар баарын аралаган
Чынгыз хандын жоокерлери,
Бул жерге келе баштаган,
Денеси бүт тарамыш
Боюу узун далдагай.
Жоболоңго бет келип,
Жоого кирген тартынбай.
Жекеге чыгып көп жолу,
Аңтара сайып таштаган.
Кандай баатыр болсо да,
Качырып тик барган.
Көк асаба туу алып,
Көпчүлүк жолду баштаган.
Журтту жоого алдырбай,
Элин коргоп тың жүрдү.
Жеңилбес баатыр аталып,
Жергеге болгон сүйкүмдүү
Долон бий аскер курады,
Колуна алып куралды.
Ысык Көл, Нарын тарабында,
Чоң согуш болуп кайтада,
Айсыз түн кез келсе,
Бир изин жаза баспаган.
Жакын болуп баатырга,
Жаныбарым акылман.
Келишимдүү жарыктык.
Маңдайында шамы бар.
Ата баба колдогон,
Капталында канат бар.
Долон бийдин Кара аты,
Кара жорго бар эле,
Ок тийип ат сулады,
Ошол ат өлгөн тоо,
Кара Жорго аталып.
Жебе ноёндун аскерлери
Бийдин элин куугундап,
Оргочор деген кыраан баатыр,
Монголдор менен кармашта,
Чырмалып катуу азапка,
Ысык Көлдө каза болду,
Анын сөөгү ардакталып,
Ошол жерге коюулду.
Ошол баатыр коюлган жер,
«Оргочор»– болуп аталды.
Оргочордун уулу Окторкой,
Да бир жерде каза тапты.
Окторкой өлгөн ал жерди,
«Окторкой» -деп аташты.
Эң байыркы ата салты.
Аялдар кошок кошушуп,
Эскерип ошол баатырды.
Абалап учуп асманга,
Айдыңдуу болуп арбагы.
Артында заты жазылып,
Ардакталып аты калып.
Байыркынын чыгармасы,
Ата баба санжырасы,
Дал ошондой айтылды,
Абалкынын баяндары,
Карылардан кептер бар,
Калыс айткан сөздөр бар.
Жазмаларда жазылган,
Сызууларда сызылган,
Жомогубу, же жазмабы,
Жаратып бир чыгарманы,
Байыркыдан кеп калган,
Дал ушундай айтылган,
Бир карыя айтты эле,
Дал ушунай баянды.
Кеп козгоп токтобой,
Кетип калган аянды.
Балким бардыр чындыгы,
Аңтарып ким көрүптүр,
Артта калган кылымды.
Ээ…ээй байыркынын жомогу,
Төгүн менен иши жок,
Көрүп келген киши жок.
Бүгүн турган эртең жок,
Эчтеме менен иши жок.
Монголдор менен кармашта,
Ошол куугун салгылашта,
Качып келет кыргыз журту,
Долон бийдин кошууну,
Көптүк кылып монголдор,
Алардын жолун тороду.
Долонбий деген чоң баатыр,
Журтуна сыймык ал багаар,
Монголдор менен кармашта,
Кадимки ыйык баатырча,
Каза тапты, ок тийип,
Казанагы оюулган,
Аруу сөөгү коюулган,
Калдайган тоонун бооруна.
Каркырадай жол улап,
Келгис болгон убактар.
Кербен болуп токтобой,
Кетип калган замандар.
Андагы өткөн тарыхты,
Аңгемелеер жайым бар.
Айланайын туугандар.
Долонбийдин жазааты,
Нарында белге коюулган.
«Бараандуу адам өттү»– деп,
Баяндап аны кеп кылган.
Ошол бел унут калбаган,
Ойдо бекем сакталган
Долондун бели аталып,
Долон деген ыйык ат,
Доордон-доорго жаңырып,
Добулбас болот кагылып.
Ошол белден өткөндө,
Эзелки ата бабаны,
Эске сала кеткиле!
Башталмадан баян айтып,
Байыркыны так айтып,
Уят болуп жаратканга,
Унут кылып кетпегиле!
Эчаакы өтүп кеткенди,
Эске сала эстегиле!
Кужулдата баян айтып,
Куран окуй кеткиле!
Эселкиден кеп айткан,
Эскермеси дагы бар.
Бапырата кеп айткан,
Башталмасы дагы бар.
Эээ…эээй…байыркынын жомогу