ДОЛОН БИЙДИН ҮЧ УУЛУ


Мен силерге айттымбы,

Долон бийдин баянын.

Эми айтып беремин

Үч уулунун аянын


Анан анан токтобой,

Агылып мезгил өтүптұр.

Дайны чыкпай жоголуп,

Далай жылдар көчұптұр.

Бий орто жаш чагында

Бирге болуп эли менен

Көчүп кыштап белдерди,

Мелмилдеген суу кечип,

Мекендеди тоо жерди.

Долон бий дагы кайгырды.

Бала көрбөй далай жыл

Ичинде жүрдү кайгынын.

«Көрөмбү» деп баланы,

Башка жактан кыз алды.

Боюна бүтүп жарынын,

Төрөөр күнү жакындайт.

Бир күнү зайыбы,

Мындай деген кеп таштайт:

«Эртең-бүгүн төрөтүм,

Кызганып турам өзүңдөн.

Адырга жылкы кайтарып,

Ал жакка кеткин бет алып»,

Чарчап икалган ал ата,

Адырга жылкы кайтарды,

Ак боз үйлөр алыс калды.

Көзү бирок айылда,

Бакыт менен таалайда,

Аңгыча чаап алкынтып,

Атчан келди бир бала.

–Уулду болдуң абаке!

Мунун өзү бакыт ээ.

Сүйүнұп кетип Долон бий,

– Адыр жакта көрүнгөн

Ак торунун үйрүнөн,

Тогуз жылкы алгының,

Токтобой үйгө айдагын.

Айдап алып жылкыны,

Бала кетти үйүнө.

Кабагын ачып сүйүнө.


Убакыт көп өткөн жок,

Чай кайнамдай болгон жок.

Ак бозун чапкылап,

Келди башка чабаган.

Курган неме сүйүнө,

Кут төгүлөт өңүндө.

Жакшы кабар кеп айтты,

Жагалдана деп айтты:

– Ой, атаке, Долон бий,

Төлгөңүз топ болду,

Сакаңыз айкүр конду.

Бакытка байып толдуңуз,

Дагы бир уулду болдуңуз.

Атаке деер кош жылдыз,

Ачылып турат жолуңуз.

Бир эмес эки эркек,

Чоңоёт экен эркелеп.

Эртең эле эр жетет.

Жоо менен кармашат,

Намызды талашат.

Колуңузда эки куш,

Корунбай эми калыңыз.

Ала Тоого ай чыкты,

Ачылган экен бактыңыз.

Сүйүнүп кетти Долон бий,

Сүйкүмү элге жарыя.

– Сүнчүңө ай балам,

Тоо торунун үйрүнөн

Тогуз жылкы берейин,

Ажарың мага сүйкүмдүү,

Андан башка не дейин

Бир эмес эки уулум бар,

Аларга бакыт тилейин.

Аянып эми нетейин.

Кыбыланы каранып,

Жаратканга жалбарып.

Бата кылып Алла Таалага,

Жалынып турду бир азга.

Кубанып да шаттынап,

Тамагын кырып каргылданып.

Куу жоргону камчыланып,

Ашыга келди үйүнө,

Ала кечки күүгүмдө.

Туугандары тосуп алып,

Туш-туштан баары кубанып.

Бир кары айтты жылмая,

– Оң жагыңда бир балаң,

Ал оң деген атты алсын.

Сол жагымда бир балаң,

Ал сол болуп аталсын.

Азанчы чал карыяны

Тез келсин деп айттырды.

«Ат кой деди балдарга,

Чукулда той өткөрөбүз»,

Кабар тарайт калкыма.

Азанчы чал балдардын,

Экөөнө тең ат койду.

Жагымдуу бир иш болду.

Эне болсо сүйүндү,

Той берүүгө күтүндү.

Карын-карын май томуруп,

Аяктарды толтуруп.

Чакырды жакын коңшуну,

Баары чогу отурду.

Долон бий анда кеп салды,

Кеп салганда деп салды:

– Оң жагымда Агуулум,( Абылым)

Ойротто жок чолпонум.

Сол жагымда Кубулум. (Кабылым)

Солдон чыккан чолпонум.

Соолубасын оң колум.


Балапан кезде дем алып,

Оң бойрөктө жаралып,

Биринчи бала оң болду.

А экинчи баласы,

Сол бөйрөктө жаралып,

Аталышы сол болду.

Ушундай эле болмогу

Эгем аны улам колдоп,

Эң бир сонун иш болду.

Таалайы тукум уланып,

Тагдырда иш оңолду.

Аңгемечим буларды,

Айтканың сонун иш болду.

Оргуштап мезгил токтобос

Ошондо ошол иш болду.

Экөөсү тең ак өмүргө,

Улап кетти чоң жолду.

Алып учат тагдыр бул,

Андан башка болбоду.


Андан кийин төрөлдү,

Көзүн ачып жарык көрдү

Аты аталып Кызылуул,

Атагы кеткен даңктуу уул.

Өрүшү өсүп Кызылуул

Ичкилик болуп аталды.

Өйүз-бүйүз жерде жашады.


Ошентип үч баланын,

Кыйлага кетип атагы.

Кыргыздын атын чыгарды,

Куу уулдан тарагандар,

«Кудайым» деп сыйынгандар,

Тепчип өтүп кыяны,

Теңир Тоону айланат.

Тогуз урукка бөлүнүп,

Тоолордо өмүр өткөрүп,

Кээ бирлери жашаган,

Алыскы Кыйтай тарапта,

Бизден алыс аймакта.


Санжырага биз келсек,

Алыскыны эстесек.

Агуул менен Кубул,

Алышып бийлик талашкан.

Эл журт түшүп арага,

Эки ортодо чыр чыккан.

Кыргыз салты боюнча,

Бийлик тиет улууга.

Баардык бийлик Агуулда.

Мал-мүлк менен байлыктар,

Берилет да Кубулга.

Абалкыдан кеп козгоп,

Айтаар сөзүм ушул да.


Долон бийдин бактысы,

Аты уйкаш үч уул бар.

Үч күлүк минип алкынтып,

Үч кушту колдо талпынтып.

Үч жолочу жол кеткен.

Үч ырды тагдыр эстеткен.


Чын төгүнүн карыядан,

Сапар барып сурагам.

Бабалардын тарыхын,

Алыскынын аянын,

Башталмасын эстей кет!

Баян куруп, сөз түзүп,

Башкаларга айта кет!


Агуулдан тарап кетиптир,

Адыгене, тагай, моңоштор,

Ат арыткан боорлоштор,

Кыз да болсо Наалы эже,

Ит агытып, куш салып,

Билгич пенде аталып,

Белди айлана чаптырган,

Бел болуп элин башкарган.

Айдыңдуу ошол Наалыдан,

Арбын-арбын ыр калган,

Ырысын даңктап эженин,

Ырчылар аны мактаган.

Комузчусу ырдап токтолобой,

Кошулма күүсүн чыгарган.

Чоорчулар чоорлордо,

Чогулма күүсүн тараткан.

Шыйкыр конгон эжеге,

Шыктанып ыр арнашкан.


Агуул, Кубул, Кызылуул,

Бир атадан тараган.

Тепчип өтүп кыяны,

Теңир Тоодо жашаган.

Жолдо жортуп куулугу,

Кубул өтө шок болду.

Шок болбосо, жок болду.

Кара мүртөз жайы бар,

Бул баянды айтышкан,

Тээ байыркы карылар,

Сабында чындык бар

Санат сөздү салгандар.

Саймедиреп сөз курайт,

Санжыраны айткандар,

Байыркыдан кеп улап,

Байма-бай сөз чубап.

Токтололу Кубулга,

Кушчу, кытай, саруулар,

Куу атадан тараган,

Баяндарда айтылган.

Чарчабай жолдо сапарлап,

Чабдар атчан чабарман.


Агуул басмырт, төп болгон,

Шоктонбогон, токтолгон,

Аңыз кылып болгондон,

Аңгеме айтам ошондон.


Аркы өтөк жашылданып,

Арт жагында өмүр калып,

Үч бала бар Агуулдан,

Улуу тоого жол улаган.

Адигене, Муңуз, Тагай бар,

Айтылып ушул баяндар,

Жол көрсөткөн өз элине

Жолдош болду Наалы эже,

Кубулдун баянын,

Айтып көрсөк бир далай,

Каратал менен Каранай,


Адигенеден төрт бала,

Муңайбай өмүр өтөгөн,

Муңуштан дагы он бала,

Атак даңкы тараган,

Эң кичүүсү Тагайдан,

Болгон экен төрт бала.

Богорстон, Койлон, Кылжыр,

Карачоро анан да

Жашоого жол арытып,

Ак өмүргө жол тартып,

Жашап түштүк тарапта,

Көл аймактан алыста,

Адигене, Муңуштун,

Өмүр сүргөн тарабы,

Түз жер тоонун аймагы,

Кенен Чүйдүн тарабы.

Тагай бийдин тукуму,

Байгеге ат кошуп,

Атак даңкы угулду,

Айдыңдуу тоолор ажайып,

Ал жерге мал жайып,

Жолдор менен өтүүчү,

Конуп, түнөп жүрүүчү.

Кылымга аты таанылган,

Санжырада айтылган,

Ак баракка жазылган.

Сөздөн-сөзгө тараган.

Кылжырдан эки бала бар,

Бугу менен Сарбагыш,

Алардын да баянын,

Абалкынын аянын,

Аңгеме кылып айтабыз.

Башталмасын ары улап,

Баш аягын тактайбыз.

Эки уул Кылжыр атадан,

Тукум улап тараган,

Орозбакты, Дөөлөсбакты,

Орозбакты көлдү ээлеген,

Ошол жакты жердеген,

«Байыркы баба жери»-деп

Түзөң, тоону мекендеп.

Бүркүт учкан оболоп,

Чоң Кемин менен Көк Ойрок,

Дөөлөсбакты ата жашады,

Жайлап жана кыштады,

Токтоо бербей октос алыш,

Зуулдап учкан заманы.

Кылжырдын аты Сарбагыш,

Мойну ийри, өңү чекир,

Дал ушундай аталыш,

«Кылжыр»– деп аталыптыр

Ушул ат анан калыптыр.


Өргө карай бараткан,

Өмүрүбүз канча ким билет.

Куттуу тилек каалган,

Кудай гана бир билет.

Курап жазган ырымы,

Кудуреттеп сыйладым.

Учуп күйгөн ырыман,

Үнү угулуп ата-бабанын


Эээ.ээй…

Байыркынын жомогу,

Баштаса келеер оролу.

Загрузка...